www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиялык алып баруучу жана жаратылыш тууралуу документалдык фильмдерди тарткан Дэвид Аттенборо Инстаграмдагы баракчасында дүйнө боюнча эң бат катталуучу топтоп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, 94 жаштагы Аттенборо 4 саат ичинде миллион катталуучу топтогон. Биринчи постунда эле ал глобалдык жылуулануу маселеси тууралуу айткан.

Белгилей кетчү жагдай, Дэвид Аттенборо аккаунтун жеке өзү жүргүзбөйт. Ага "Биздин планетадагы жашоо" документалдык фильмин тартууда чогуу иштешкен Коллин Батфилд менен Жонни Хьюз жардам берет. Алардын айтымында, Аттенборо үчүн социалдык тармактар - адаттан тыш нерсе.

"Мен радио менен телевидениеде 60 жылдан ашык иштедим, бирок Инстаграмда биринчи жолу" деп кошумчалаган ал өз билдирүүсүндө.

Ошондой эле алып баруучу роликте континентти каптаган өрт, муздардын эриши, өлүп бараткан коралл рифтери тууралуу айтып, дүйнө кыйын кырдаалда турганын эске салган.

Белгилей кетсек, буга чейинки рекордду актриса Женнифер Эннистон жараткан болчу. Ал социалдык тармакка 2019-жылдын октябрында катталып, 5 саат 16 мүнөт ичинде миллион колдонуучу топтоого жетишкен. Андан мурдагы рекорд койгондордун тизмесинде футболчу Дэвид Бекхэм жана Папа Франциск болгон.

Эске салсак, Дэвид Аттенборонун колдонгонуна 3 күн болгон Инстаграм баракчасынан 4 миллион 5 миң катталуучуну көрүүгө болот.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

David Attenborough has spent a lifetime travelling, exploring the wild places of our planet and documenting the living world in all its variety and wonder. He’s also witnessed the damaged caused. Saving our planet is now a communications challenge. We know what to do, we just need the will. That’s why we want to share this message on Instagram. Because there is hope and together, we can inspire change. Social media isn’t David’s usual habitat so while he’s recorded messages solely for Instagram, like the one in this post, we're helping to run this account. In case you’re wondering, ‘we’ are Jonnie and Colin and we worked with David on A Life On Our Planet. So, as well as sharing the messages he’s recorded especially for this account we’ll also post some exclusive clips and behind the scenes content. Stay tuned.

Публикация от A Life On Our Planet (@davidattenborough)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости