www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган Карабахтагы кагылышуу боюнча пикирин айтып жатып, Армения Азербайжандын жерин оккупациялоо аракетин токтотушу керек деген оюн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Армения баскынчылыгын токтотушу зарыл, антпесе ал жерде өз билгенин кыла берет. Талашта турган аймак Азербайжанга караштуу экенин баары билет”, — деди Эрдоган.
Ошондой эле Түркия лидери Карабах көйгөйүн Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында 30 жылдан бери чече албай жатат деп айыптады.
Ал эми РФтин Федералдык жыйынынын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко дүйнөдөгү башка күчтөрдү Карабахтагы конфликтиге кийлигишпөөгө чакырды.
“Болуп жаткан тирешке башка тараптардын кийлигишпөөсүн суранат элек. Андан көрө курал колдонууну токтотуп, маселени ЕККУнун Минск кеңешмесинин алкагында чечүүгө үндөйлү”, — деди Матвиенко.
Бул учурда Армения менен Азербайжандын ЖМКлары эки тараптан жасалган чабуулдарды чагылдырып, сүрөт, видеолорду байма-бай жарыялап жатышат.
Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения кечээ өз аймагында аскердик абал жарыялаган. Баку алардын аскерлерине жана бир нече айылга Ереван тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыккан. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылган.
Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргойт.
Ошондой эле окуя боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.
Булак: NazarNews.kg