www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирактын борбору Багдадда коронавирус менен түшкөн бейтаптарды караган ооруканада жарылуу болуп, көз жумгандардын саны 82ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме кылуу менен РИА Новости жазды.

Агенттиктин жазышынча, кырсык болгон маалда 21 кишинин каза болгону айтылган, алардын саны улам өсүүдө.

Ал эми жаракат алган 100дөн ашуун кишиге медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Болжолдуу маалыматтар боюнча кычкылтек толтурулган баллон жарылып, адамдар иске ууланып каза табууда.

Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Каземи тергөө бүткүчө оорукананын жооптуу адамдарын камакка алууну буюрду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости