www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын комендатурасы шаар тургундарын жакынкы бир-эки күндө коронавирусун жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордо инкубациялык мезгили аяктагандыктан көчөгө чыкпоону сурап элге кайрылган.
"Инкубациялык мезгил аяктап жаткандыктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоого суранабыз”, - деп Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев элден суранган.
Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штаб: "Оорунун биринчи белгисинин пайда болушуна чейин өтө турган убакыт — 14-21 күн, Кыргызстанда алгачкы учур 18-мартта катталган. Ошолордун мөөнөтү аяктап, көчөгө чыга башташат. Инкубациялык мөөнөт 28 күнгө чейин созулат деген божомол бар. Демек, 14 күндөн кийин да оорунун белгилери чыгышы мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жада калса коронавирустан айыгып чыккандар дагы сегиз күн үй карантининде болушун сунуштап жатат", — деп билдирген.
Мындай кайрылуунун себебин окумуштуулар коронавирус илдети инкубациялык мезгил учурунда башкаларга тез жугаары менен түшүндүрүшкөн.
Эске сала кетсек, өлкөбүздө илдетти жуктургандардын саны 144кө жетип, илдеттен бир киши каза болгон. Ал эми сакайгандардын саны 9га жетти.
Булак: NazarNews.kg