www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдын алкагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Баткен облусунун ИИБдин өздүк курамы тартылып, күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө. Облустун жалпы аймагында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөөлөр киргизилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы учурда Баткен облусунун аймагында санитардык-карантиндик посттор коюлуп, күнү-түнү ички иштер органдары саламаттыкты сактоо министрлигинин, ӨКМдин жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда.
Коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү жана алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Калктын коопсуздугун камсыздоо жана аталган илдеттин жайылышына жол бербөө максатында жер-жерлерде ыкчам чаралар көрүлүүдө. Шаардын көчөлөрүндө, райондордун борборлорунда жана башка калк жыш жайгашкан жерлерде милиция кызматкерлери үндү катуу чыгаруучу түзүлүштөр менен коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу коопсуздук чараларын аткаруунун зарылдыгы жөнүндө калкка маалымдоодо.
Калкка зарыл болбогон учурда көчөгө чыкпоого, калк жыш жайгашкан жерлерге барбоого жана коргоочу бет каптарды кийүү менен аралыкты сактоого үндөөдө.
Булак: NazarNews.kg