www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран коронавируска каршы күрөшүү долбоорунун алкагында өлкөдө 69 миллиондон ашуун жаран анализ тапшырды. Бул тууралуу Pars Today жазып чыкты.
Ирандын Саламаттык Сактоо министри Киянуш Жаханпурдун айтымында, өлкөнүн 69 миллиондон ашуун жараны коронавируска анализ тапшырып, 100 миңден ашуун бейтаптан коронавирустун белгилери байкалган.
Ошондой эле ооруканага акыркы учурда COVID-19 оорусу менен кайрылгандардын саны азайып баштаганын да айткан.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Иранда илдетти 53 183 киши жуктуруп, оорудан 17 935 бейтап айыгып чыкты. Ал эми коронавирус инфекциясынан 3294 адам көз жумду.
Булак: NazarNews.kg