www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматы кызмат учурунда кызматкерлерге карата  атайын чагымчыл  аракет жасаган жарандарга кайрылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Биз Кыргыз өлкөсү эгемендүү, демократиялык, унитардык, социалдык мамлекетпиз. Ошондой эле ар бир жарандын укугу тебеленбеген мыйзамдуулукту, туруктуулукту сактаган укуктук мамлекетпиз. 

Ошондуктан коомчулук тарабынан кызматкерлерге карата айтылган суроо-талаптарды же сын-пикирлерди кабыл алып, ошол багытта тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп келебиз. Албетте коомдук салмак, коомдук ой-пикир же коомдук угуулар болушу керек. Бирок  айрым биздин аша чапкан жарандар тарабынан атайын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан  кызматкерлерди чагымчыл аракетте мобилдик телефон аркылуу сүрөткө же видеого тартып, иштеп жаткан кызматына тоскоолдук жаратып, алар менен теңме–тең айтышып, кээ бир учурда кызматкерлерди сөгүп, такталбаган маалыматтар менен жамандап келген учурларды ар кандай интернет сайттардан, “Instagram”, “facebook” социалдык тармактардан  көрүп эле келе жатабыз.

Ошондой жарандардын бири 2020-жылдын 2-августунда “shtraf_kg” аталышындагы “Instagram” баракчада өзүнүн жол кыймылынын эрежесин бузгандыгын билип туруп,  милициянын кайгуул кызматкерлерин атайын каралоо максатында чагымчыл аракеттер менен видеого тартып, туура эмес багытта коомчулукка көрсөткөн. Эртеси кызматкердин төшүндөгү видео-трекерден ошол факты тууралуу текшеришкенде кызматкерлер тарабынан мыйзамдуулук, тартиптүүлүк жана нускамада көрсөтүлгөн эрежелер сакталгандыгы аныкталып, айдоочу өзү атайын чагымчыл аракеттерге баргандыгы аныкталган. Ошондой эле кетирген кемчилиги үчүн кийин кызматкерлерден кечирим сураганы да видеодо көрүнгөн.

Ошондуктан Милициянын кайгуул кызматы жарандарга атайын чагымчылдык аракеттерге жана туура эмес такталбаган маалыматтар менен жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп турган кызматкерлерди сүрөткө жана видеого тартып, таратпоого чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости