www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы милициясы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн, мурда соттолгон Өзбекстандын 2 жаранын кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 3-август күнү Жалал-Абад ОИИБна Өзбекстан Республикасынын ИИМи тарабынан багыттама жиберилген. Багыттамада Өзбекстан Республикасынын Ташкент облусунун 1996-жылы туулган тургуну, Ташкент облустук соту тарабынан 2017-жылы соттолгон С.Х.  жана Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун тургуну, Чартак райондук соту тарабынан 2017-жылы соттолгон А.Б. аттуу жарандар 2020-жылдын 31-июль күнү саат болжол менен 09:30дар чамасында Ташкент областында жайгашкан жатак абактан (колония поселения) келишимге чыгып, иштеп жүргөн жеринен белгисиз тарапка качып кетишкендиги көрсөтүлгөн.

Багыттамада көрсөтүлгөн факты боюнча Аксы РИИБдин өздүк курамына жеткирилип, РИИБдин начальниги милициянын полковниги Ш.Таңгиров тарабынан тийиштүү ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп издөө иши башталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган Өзбекстан Республикасынын атуулдары Аксы районунун аймагында болушу мүмкүн делген маалыматтар алынган.

Алынган маалымат боюнча көрсөтүлгөн дарекке 2020-жылдын 3-августунда болжол менен саат 19:30 чамасында  РИИБдин кызматкерлери барган мезгилде Өзбекстан Республикасынын жарандары тоо тарапка качып кетишкен. Ошол жерден издөө иш-чаралары уланып, Өзбекстан Республикасынын жарандарын кармоо үчүн РИИБдин өздүк курамы жана чек ара кызматкерлери тартылган. 2020-жылдын 4-август күнү саат болжол менен 19:00 чамасында изделип жаткан жарандар Кербен шаарына караштуу Сөгөт-Сай участкасындагы тоодон жашынып жүргөн жеринен кармалып, УКЖга киргизилген.

Аталган факты Аксы РИИБнүн КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости