www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине кайтарып беришти. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-август күнү эртең мененки саат 08:00 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлору чоңдордун коштоосу жок жүргөн жашы жете элек баланы Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде таап алышкан. Ал чолок шым жана бутуна эки башка бут кийим кийип жүргөн, ал эми үстүндө кийимдери жок болгон.

Бала менен сүйлөшүүдө ал жашаган жерин түшүндүрө алган эмес. Ошондуктан милиция кызматкерлери аны Октябрь РИИБине алып келишкен. Ата-энесин издөө иштери башталып, бир канча убакыттан соң кызматкерлер атасы Ц.К. аттуу жаран менен менен байланышып, керектүү документтерин көрсөткөн соң 2006-жылы туулган А.А. аттуу баланы атасына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң кайтарып беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости