www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия менен Казакстандын чек арасында Өзбекстандын жарандары менен өзгөчө багыттагы милициянын отрядынын ортосунда 4-августта кагылышуу болду. Окуянын видеосу социалдык тармакка тарады.

Өзбекстандык мигранттар Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет жасашкан. 2-августта мигранттар чек арага чогулуп, Өзбекстандын бийлигине видео кайрылуу жасашкан. Алар чек араны ачып, мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү талап кылышкан.

Буга чейин маалымдалгандай, Өзбекстандын жарандары Самара облусунун Большечерниговск районуна чогулуп, Казакстандын чек арасы аркылуу мекенине кайтууну көздөшкөн. Алар 4-августта курчоодон өтүп, Оренбург облусуна барууга аракет жасаган. Күч түзүмдөрү мигранттарды кайрадан Самара облусунун аймагына жеткирген. Окуядан улам жабыркагандар жок. Аталган аймактарда жалпысынан 1300дөн ашуун мигранттар кун кечирүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости