www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва облусунун тургуну баласынын жүрүм-турумуна нараазы болуп, өлтүрүп салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Россиянын Тергөө комитетинин (ТК) жергиликтүү администрациясынын басма сөз кызматына шилетеме берип, жазышууда.

Маалыматка ылайык, 3-августта Талдомск шаардык районунун тургуну кире бериш тепкичтен кулап түшүп, алты жашар уулунун каза болгону жөнүндө укук коргоо органдарына билдирген.

Окуя болгон жерге Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү жана соттук-медициналык эксперттери келишкен. Алар баланын денесин текшерип, денесинен көптөгөн жаракаттарды таап, соттук-медициналык экспертизага өткөрүп беришкен. Эксперт денеге кеминде 20 жолу тийген издерди таап, ал издер баланын өлүмүнө алып келип, травматологиялык шокко себеп болгон деп жыйынтык чыгарган.

Баланын атасы суркка алынды. Ал баласынын жүрүм-турумуна нааразы болгондуктан денеге зыян келтиргендигин мойнуна алган. Бул кишиге карата "атайылап оор залал келтирүү, анын натыйжасында байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Баланын атасы кармалган.

Азыркы учурда Тергөө комитетинин кызматкерлери тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат, тактап айтканда, алар кылмыштын жасалышына түрткү болгон себептерди жана жагдайларды аныктап, каза болгон баланын жашаган үй-бүлөсүн жана жашоо шарттарын иликтешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости