www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоого жакын «окей гугулдан» пайда боло калган Бектур Асанов бир нече күн мурун социалдык тармак аркылуу учурдун кошогун айтып чыкты. Кошокто бийликке сын, айрым партияларга акыл айткан. Тилекке каршы Бектур Асановдун кезектеги жана катардагы кошогу анча элге жага берген жок. Анын болуп өткөн жоругуна белгилүү инсан Шайлообек Атазов төмөнкүчө жооп берди.

--Бектур Асанов, Жалал-Абадда 2010-жылы ашынган улутчул, сепаратист Кадыржан Батыровго кошулуп алып, анын түзгөн планы менен эл арасындагы бузукуларды согушка үндөп, сепаратисттерге дух берип турган, аз өтпөй кылымдар бою дини да, базары да бир болгон кыргыз-өзбек элинин ортосунда согуш чыгарып, от жагылышына себепчи болгон. Жалал-Абадда кан төгүлүп, канчалаган өмүрлөр кыйылды.

Бул нерсе Ошто уланып, канчалаган энелер балдарынан, балдар аталарынан ажырап калды. Жаш жигиттерибиз ошол кандуу окуя себеп болуп, он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек энелерин, жакындарын сыздатып кете берди.  Биздин спорт залда машыккан эки окуучум окко учту! Мен ал кезде шаардык кеңештин депутаты элем. Шаарда кан суудай акты. Канчалаган үйлөр-жайлар, дүкөндөр, кафе-ашканалар заматта күлгө айланды. Эчендеген мекендештерибиз үй-жайсыз калды. Биз эки элди ынтымакка чакырып, ок аралап жүрдүк. Булар болсо, ошондой кыл чайнашкан кыйын кырдаалдарда кресло үчүн баарына кайыл болуп, Кадыржан Батыровдор менен кучакташып согуш чыгарышты! Ошол кезде Бектур аканин колдоочусу, кудачасы Роза Отунбаева эле...

Бүгүн, социалдык тармакта сепаратисттерди карегинен тең айлангандар "герой" болуп Президентти сындап, шарт коюп чыгыптыр! Шайлоо жакындаса эле кээ бир адамдар ооруп калат окшойт! “Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт” дегендей, угушубузга караганда Бектур Асановдун артында Америкадан келген баягы эл бузар долбоорлор турганы айтылууда. Балким бул сөз да чындыр... Ал артын бир карап-карабай Президентке асылып жатат! Деги өзү Бектур мырза эл үчүн эмне жумуш аткарды? Жээнбековго окшоп журт аралап ак халат кийип оорулуу адамдардан кабар алдыбы? “Өткөн күндү унутпа ал келчектин сабагы” дегендей Бектур Асанов жакында Президенттин айкөлдүгү менен камактан чыккандыгын унутуп калган чамасы, - деди Шайлообек Атазов.

Ага кошумча, «Райымбек Матраимовго асылып жатат. Бектур Асанов Райымбек Исмаилович элге кылган иштеринин бирин кыла элек.  Ушундай популист саясатчылардан эл тажады! Ушулар качан кетет саясаттан?! Акырында айтарым: Бектур мырза, силер жакшы даарат алып, мечитке барып намаз окуп олтурсанар жакшы болмок!», - деп кошумчалады Шайлообек Атазов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости