www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жергиликтүү телеканалга маек берип жатып, куудул Тынар Курбаналиевди депутаттыкка чакырып,  күзүндөгү парламенттик шайлоодо эски депутаттар кайра шайланса Орусиянын жарандыгын алам деген сөзүнө пикирин билдирди.

«Тынар Курбаналиев деген куудул айтып кайра эски депутаттар келсе, көчүп кетем, жарандыктан баш тартсам дептир. Тынар, сен кетпе ушулар кетсин. Алардан зыян, сенден пайда. Керек болсо депутаттыкка кел, «Ата-Мекен» менен аттан.

Депутаттар куудул болсо болот, куудулдар депутат болсо болбойт бекен? Керек болсо Украинада куудул президент болду. Сен экөөбүз бүлдүргөндү билбейбиз, күлдүргөндү билебиз. Сен экөөбүз сүйлөсөк жугумдуу болот, алар сүйлөсө жугунду болот», – деди Момбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости