www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Instagram жана WhatsApp тармагындагы үзгүлтүккө учуроо техникалык мүчүлүштүктүн кесепетинен келип чыккандыгын жана ал азыр жолго коюлгандыгын «Известияга» Инстаграмдын Россиядагы маалымат кызматы билдирди.
Бишкек убактысы боюнча болжол менен 23:00дө дүйнө жүзү боюнча колдонуучулар социалдык сервис жана мессенджерди колдонууда көйгөйгө тушуккан. Айрыкча, түрмөктү жаңыртып, билдирүү жөнөтүүдө кыйынчылыктар жаралган. Бирок мүчүлүштүктөр бир саатка жетпей калыбына келген.
«Техникалык көйгөйдүн кесепетинен адамдар Facebook тиркемелерине кирүүдө кыйынчылыктарга туш болушту. Биз аны жөнгө салдык жана келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз», — деди компаниянын өкүлү.
WhatsApp да көйгөйлөр жөнгө салынганын билдирди.
Thanks for your patience, that was a long 45 minutes but we are back! #WhatsAppDown
— WhatsApp (@WhatsApp) March 19, 2021
«Сиздердин сабырыңыздар үчүн рахмат, бул 45 мүнөткө созулду. Бирок биз кайтып келдик!» — деп жазды Twitter мессенджери
Колдонуучулардын көпчүлүгү (76 пайызы) Instagram мүчүлүштүгүнө, 15 пайызы социалдык тармакка кире албай калганына, ал эми жети пайызы социалдык сервистеги кыйынчылыктарга кабылганын айтып даттанышкан.
WhatsApp колдонуучуларынын 71 пайызы кире албай кыйналышса, 26 пайызы билдирүү жөнөтө албай койгонун айтты. Бир пайызы гана каттоо эсебин карай алган эме
Булак: NazarNews.kg