www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы эмдөө үчүн Кытай гуманитардык жардам катары берген 150 миң доза SinoPharm вакцинасы биринчи кимдерге сайылары айтылды.

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бул препараттар менен вакинациялоонун биринчи этабы ишке ашырыларын билдирди.

«COVID-19 илдетине каршы вакцинациялоо боюнча Улуттук планга жараша биринчи этапта эмдөө жүрөт. Ага медицина кызматкерлери, социалдык кызматтарда иштегендер, чек ара жана ички иштер органдарынын кызматкерлери, 65тен 85 жашка чейинки адамдар кирет», — деди Акматова.

КРдин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Sinopharm («Синофарм») — бул активсиздештирилген вакцина. Анын досьеси Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кароосуна жөнөтүлүп, өзгөчө кырдаалдын шартында колдонулчу дары-дармектердин тизмесине каттоо чечими март айында чыгышы күтүлүүдө. Дүйнө жүзүндө SinoPharm менен Кытайдын, Бириккен Араб Эмирликтеринин, Түркиянын, Өзбекстандын жана Бахрейндин жарандарын эсептегенде 3 миллиондон ашуун адам эмделди. Ошондой эле бул вакцинаны алган жарандарда эмдөөнүн кыйыр таасири катталган эмес.

SinoPharm вакцинасы +2, +8 градус температуралык шартта үч жыл сакталат. Мындай логистика Кыргызстанда бар, бул вакцинаны колдонууга жана сактоого жол берет. Эмдөө 25-28 күн аралыгында эки этап менен жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости