www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 7-апрелинде КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КР жарандары 1989-ж.т. Т.у.Ч., 1986-ж.т. А.Т.А., жана 1998-ж.т. Ж.Т.М, аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алар соцтармактар аркылуу коронавирус жана учурдагы карантин режими боюнча чагымчыл маалыматтарды тараткан.
Жогорудагы адамдар менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.
Учурда анын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
Булак: NazarNews.kg