www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад областына караштуу алыскы Чаткал жана Ала-Бука райондорунун элди дүрбөлөңгө салган коронавирус илдетинин алдын алуу максатында керектүү жерлерге санитардык-карантиндик эпидемиялык посттор коюлуп, тиешелүү кызматтар элдин саламаттыгы үчүн күн-түн дебей кызмат өтөшүүдө. Алар районго кирип чыгып жаткан автоунааларды көзөмөлдөп, дезинфекциялап жана дене табы көтөрүлгөн жүргүнчүлөр болсо текшерүүгө алышууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле аталган райондордо милиция кызматкерлери район тургундарына жугуштуу илдеттин жайылуусун болтурбоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Атуулдарга зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоо керектиги эскертилип, муктаждык жаралган учурларда гана ар дайым беткап тагуу менен ооруканага, дарыканага жана азык-түлүккө баруу үчүн көчөгө чыгууга уруксат экендигин,  калган убакыттарда өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана жалпы элдин саламаттагы үйдө отуруу керектигин айтып жеткиришүүдө.     

Булак: NazarNews.kg

Последние новости