www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Бандар М.Х.Хаджар менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуунун бүгүнкү абалы жана келечеги, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланган.

"Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө, анын ичинде коронавирустун жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков аталган илдеттин жайылышынын социалдык-экономикалык залакаларын жумшартуу үчүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну сунуш кылды.

ИӨБ президенти Бандар M. Х. Хаджар  коронавирус инфекциясы дүйнө өлкөлөрүнүн эли менен экономикасына олуттуу чакырык болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Ал ИӨБ Кыргызстанга тиешелүү колдоо көрсөтүү маселесин карай тургандыгына ишендирди", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости