www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Банк картасынын маалыматын же мобилдик банк тиркемеси тууралуу маалыматты жарыя кылбоо керектигин бүгүн, 12-июлда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
«Белгисиз адамдарга картанын реквизиттерин, төрт орундуу ПИН-кодду жана арткы бетинде көрсөтүлгөн үч орундуу CVV кодун бербеш керек.
Алдамчылар телефон чалганда чыныгы банктын номурлары көрсөтүлүшү мүмкүн. Ошондой эле алар өздөрүн укук коргоо органдарынын өкүлү, банктын коопсуздук кызматкерлери же каржы-насыя уюмдарынын кызматкерлери катары тааныштырышы мүмкүн», - деп айтылат милициянын маалыматында.
Ошондой эле Бишкек ШИИБи жарандарды шектүү электрондук каттардагы шилтемелерди ачпоого жана белгисиз программаларды пайдаланбоого чакырат. «Шектүү сайттардагы сатып алууларга акча төлөөдөн сак болуңуз. Ишенимдүү болбосоңуз, акча которбоңуз. Эгерде шылуундар картаңыздын маалыматтарын алып, акчаны чыгарып алышкан болсо, банкка телефон чалыңыз. Мындай учурда картаны дароо бөгөттөө керек. Андан соң, картадан акча уурдалгандыгы тууралуу милицияга арыз жазыңыз», - деп белгилейт мекеменин басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg