www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирак бийлиги издөөдө жүргөн кылмышкерлердин тизмесин жарыялады. Ал тизмеге 60ка жакын адамдын ысымы жарыяланган, арасында Ирактын мурунку президенти Саддам Хусейндин кызы, учурда Иорданияда жашаган Рагаддын да аты-жөнү бар. Бул жөнүндө чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
“Түзүлгөн документте “Ислам мамлекети” террордук тобунун 28 командири, “Аль Каида” уюмунун 12 жетекчиси жана Араб социалисттик кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнүн ысымдары жазылган. Алардын арасында Рагад Саддам Хусейн да бар. Тизмеде көрсөтүлгөндөрдүн ичинде "Ислам мамлекети" террордук тобунун башчысы Абу Бакра аль-Багдадинин ысымы жок, учурда ал каякта экени белгисиз”, - деп жазылат маалыматта.
Ал эми, издөө салынгандардын баары тең Ирактын аймагында эмес экендиги жана аларды экстрадициялоо жөнүндө маселе Интерпол менен биргеликте чечиле турганы айтылат.
Булак: NazarNews.kg