www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөнүн ички тартибин камсыздап, элибиздин бейпил турмушунун камылгасын көрө турган Ички иштер министрлигинде ушу тапта “ириген саясат” жүрүп жатканын эшиткенибизге көп болду. Өзгөчө Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкарыковго карата бир топ нааразычылыктар айтылып келет. Анткени так ушул мырза аталган тармактын “пачагын” чыгарып атыптыр. ИИМде иштеген чоңдор, облустун, райондун башчылары так ушул Данияр Абдыкадыровго өз маалы менен “учурашып” турушат дешет. Эгер учурашпай калышса алар токтоосуз кызматтарынан айдалышат экен.
Муну биз айтып жаткан жерибиз жок. Өз мезгилинде массалык мааалымат каражаттырына Абдыкаров тууралуу кенен маалыматтар ИИМдин жумуштан айдалган кызматкерлери, тарабынан жарыяланган. Анда Абдыкапаров ар бир кызмат орунду соодалап 350 000 (үч жүз элүү миң) долларды бир көз ирмемде эле табаары жазылган. Маселен, кадр маселесин жалгыз өзү билген Данияр мырза ар бир опер кызматкерден 5000 доллар, ал эми район, облус башчыларынан 20000-40000 доллар алаары айтылган.
Мындан тышкары ММКлар “Камила Дүйшебаевнын өлүмү так ушул Данияр Абдыкапаровго барып такалат” деген соболдоруна министрдин орун басары таптакыр үндөгөн жок. Жакында эле VIP-класстагы унаалардын уурдалышы да коомчулукта талкуу болуп, анын артынан да так ушул Абдыкапаровдун кулагы чыкпадыбы. Эми болсо бул жигит министр болуу дымагы менен ар кайсы эшикти жыртып жүрүптүр. Собол туулат да…
-Данияр мырза, жел болбосо камыш башы шуудур этпегендей эле бул айтылган кептерде канчалык чындык бар? Сизди ИИМдегилер министр Исраиловду “чүлүктөп” алган дешет экен. Кандай жол менен мындай ийгиликтерге жетиштиңиз? Баса генерал-майор чинин алганга да үлгүрдүңүз. Кайсы эрдигиңиз же жаратмандыгыңыз үчүн? Кызмат орундарын сатып таап атат деген пулуңуз жардам береби? Айлыгы мышык ыйлагыдай абалда турган милицияны коррупцияга сизге окшогон жетекчилер тумчуктуруп аткан жокпу? Кызмат орундарын сатуу, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү, VIP-класстагы унаалардын уурдалышы боюнча эмне деп үн катасыз? Же башыңызды кумга тыгып, “Төө куш” кейпин киесизби?
Булак: "Де-Факто"