www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейинки ажо “Өлкөнүн жолдору бул мамлекеттин кан тамырлары” деген кебин айткан эле. Бирок,  эмнегедир ушу тапта жол тармагыбыз жыргап кетпегенин көрүп олтурса да бул тармактын жетекчилерине мына ошол көйгөйлөр жетпей койду. Жаңы эле салынган жолдор жарылып, тешилип, айтор ашмалтайы чыгып атат. Жол салуудагы мыйзам бузууларды айтпай эле коелу. Айталы десек, жол тармагын тескеп жаткан Жамшитбек Калилов жол салуу үчүн тендерлерге катышкан менчик фирмалардан “доля” алып, бергендерди белге чаап жатканы коомчулукта ачык эле уу-дуу болууда. Ырас, мындай “доляга” олтурмай ар бир тармакта көшөгө али жашап жатканы жалган эмес.

Бирок алат деген ушу деп эле алкымдан агып калганча жутуна берүү туурабы? Албетте “каймак” калпып отурган Калилов алган жокмун деп караманча тана тургандыгы чындык. Бирок эл алдында актанса да Кудай алдында кантип актанат. Бир эле фактыга токтололучу, жол кызматкерлери жолдордогу жыртык-тешиктерди суудан тазалабай туруп, оңдоо иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу коомчулук кезинде дүң этпедиби эле. Азыркы президент, ал кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго кызматтык иликтөө жүргүзүп, мындай тапшырманы ким бергендигин аныктоо мене жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.

Бирок, тилекке каршы, мына ушул тармакты тейлеп отурган Калилов эмес, ал окуяда бечара бтр кара жумушчу жумуштан айдалып, Жамшитбек мырзанын абийирин жаппады беле. Бул бир сөз менен айтканда абсурд. Анткени, карпайым жол кызматкерлерине ушундай “маскировканы” жасоого муктаж кылган бул министрлик эмеспи. Акылга сыйбас иш жасаган, жол тармагында жасалып жаткан оң иштерге күмөн жараткан, өз ишине кайдыгер болгон Жамшитбек Калилов өңдүү жетекчилер мыйзамга ылайык жооркерчиликке тартылабы жеги? Алтургай биринчи вице премьер-министр инвестиция тартуу жагындагы чабалдыгыңызды ачык эле айтты го.

Сиз болсо ошол эле маалда жо  тармагына келе турган битум бизнесин көзөмлдөп, андан олчойгон акча жасап олтурганыңызга курсантсызбы? Балким муну да танаарсыз. Бирок, сизге коомчулуктун берилчү соболдорго жооп берүүгө милдеттүү экениңизди унутпаңыз да… - Жамшитбек мырза, сиз келгенден бери жол тармагыбыздын тамтыгы чыгып жаткандыгы айныгыс чындык. Жол куруу тармагындагы бизнес жалаң гана “шапка” өнүгүп жатканы, шаар ичиндеги жолдорду курууда курулуш жаатында алектенген жеке ишкерлерди “сыгып, саап” алаарыңыз коомчулукта ачыкталып эле жүрөт.

Мына ушул коюлган соболдорго не дейсиз? Колуңуздан эч нерсе келбегенден кийин кызматты колунан келген бирөөо өткөрүп берүүгө мойнуңуз жар бербейби? Баса батыш өлкөлөрүнөн баалуу батир алыптырсыз го.Аныңыз чын болсо кайсы каражатка анан канча деген баага алдыңыз? Битум бизнеси менен алектенген айрым кичи ишкерлерди “кислородуңарды бууп коем” деп желдеттериңизге чөгөлөттүгөнүңүз тууралуу каңшаар канчалык чындыкка жакын?

Булак: "Де-Факто"

Последние новости