www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев дарыгердин бейтапка болгон мамилеси адамдык деңгээлине жараша болорун айтты.

Анын айтымында, доктурдун жоопкерчилиги ант берүү менен токтобойт.

"Адамдын ар кандай түрү бар эмеспи, ошол сыяктуу эле врачтар да ар кыл. Негизинен дарыгерлердин жоопкерчилиги ант берүү менен токтобойт. Анын оорулууларга болгон сүйүүсү, ички руханий дүйнөсү болушу керек. Тилекке каршы, бул талаптарга жооп бербей, бейтаптарга орой мамиле кылган врачтар бар. Бул боюнча да чараларды көрүшүбүз керек", — деди Батыралиев.

Ал дарыгердин бейтапка болгон мамилеси адамдык деңгээлине жараша болорун кошумчалады.

Эске салсак, өткөн жумада аталган министрликке жана министрдин өзүнө ЖКнын деуптаты Евгения Строкова тарабынан сын айтылган. Бул пикирге айрым депутаттар каршы чыгышкан. Айрыкча, депутат Тазабек Икрамов министр Батыралиев Строкованын айткандарын четке кагып, бул министр келгенден бери Саламаттык сактоодо бир катар курулуштар салынганын баса белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости