www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирак бийликтери Күрдистанга жасалган чабуулдан кийин Түркияга катуу жооп бериши керек. Бул тууралуу 20-июлда ирактык шииттердин жарым аскерлештирилген "Мехди Армия" уюмунун лидери Муктада ас-Садр билдирди.

«Түркия барган сайын текеберленүүдө, Ирак алсыз айыптоо менен гана жооп бере алат деп эсептейт», - деди ал Твиттерде.

Ирак бийликтери ал-Садрдын билдирүүлөрүнө комментарий бере элек.

Сөз Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү атайын операциясы тууралуу болуп жатат.

Маселен, 19-июлда Түркиянын Ирактын түндүгүндөгү Дахук провинциясындагы курортко жасаган чабуулунан кеминде тогуз адам өлүп, дагы 23 киши жарадар болгон. Жабыркагандардын арасында жашы жете элек балдар, анын ичинде бир жаштагы бала бар.

Иракта Түркиянын Күрдистанга жасаган соккусун мамлекеттин эгемендүүлүгүн бузуу деп аташкан. Багдадда түрк армиясынын аракеттерине каршы массалык нааразылык акциялары башталган.

Буга чейин, 5-июнда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын түндүгүндө Күрдистан жумушчу партиясынын (ПКК) жана Элдик өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн (террордук уюм деп таанылган) мүчөлөрүнө каршы жаңы антитеррордук операцияларды өткөрүү боюнча чечимин жарыялаган. Анын айтымында, ал өлкөнүн улуттук коопсуздугун сактоо зарылчылыгынын фонунда кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости