www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жибек чачтуу, кара көздүү Ирактын кыз-келиндери бул өлкөгө барып жүргөн ар бир адамдын көз жаздымынан калбай, кызыгуусун туудуруп турар эле. Кыздарды күйөөгө берүүдө сөзсүз алардын жаш курагы эске алынчу. Араб дүйнөсүндөгү билимдүүлүгү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарында дал ушул Ирак мамлекети турчу.

Ал эми азыркы учурда ата-энелер кыз балдарын жадагалса мектепке жиберүүдөн коркушат. Себеби аларды жол боюнан опоңой эле уурдап кетишет дагы сатып жибериши мүмкүн. Жоолук салынып жүрүү Ирак кыздарынын башкы милдеттерине айланган. Ал эми террористтер тарабынан кыздарды уурдоо кадимки эле көрүнүш. Уурдалган кыздар сексуалдык кулчулуктун курмандыгы болушат.

Туткунга түшкөн аялдар, анын ичинде 9-12 жаштагы жеткинчек кыздар санитардык эрежелер сакталбаган, жашаганга таптакыр ыңгайсыз кепе тамдарда камакка алынышып, ал жерден уруп-согууга, зордук-зомбулукка кабылышат жана бардык учурда сатылып кетүүгө дуушар болушат.

Биринчи кезекте жаш кыздар кыйноого кабылышып, көпчүлүгү өмүр бою кулчулукта күн кечиргенден көрө өлүмдү артык деп эсептешип, өздөрүнүн жанын кыюуга чейин барышат.

Ал эми туткундан качып чыккан кыздарды үй-бүлөсү баары бир кабыл албайт. Анткени никесиз зордуктоого кабылган кыздар үй-бүлөсүнүн жүзүн жер каратып, кадыр- баркын түшүрөт.

Булак: "lady.kg"

Последние новости