www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Колумбияда жаңы жыл алдында адам ишенгис окуя орун алды. Кевин Ривер майрамды агасы менен чогуу тоскусу келгендиктен, аны көрүстөндөн казып алган, деп кабарлайт life.ru.

Жигит үйүнө үстү башы жыртылып, ылай болуп келгенде аны туугандары бир окуянын болгонун сезишет. Ошондон кийин Кевин кайда болгонун айтып берген.

Ал таң аткандан баштап агасынын көрүн казып жүргөн, себеби жаңы жылды эки жыл мурун көмүлгөн бир тууганы менен тоскусу келген эле. Чочуп кеткен туугандары дароо көрүстөндүн башына барып текшерип көрүшөт.

“Ал агасын аябай жакшы көрчү. Ошондуктан, майрамда аны менен бирге болууну каалаптыр”, - дейт Кевиндин агасы Фредди Рангел.

Ал эми маркумдун энеси көрүстөндүн күзөтчүлөрүнө ачууланган. Бала бейитти казып жатканда күзөтчүлөр эмнеге тийиштүү чара колдонушпаганын айтат.

Кевин Ривер ушул окуядан кийин абдан ачуулуу, өзүн башкара албай турган абалга жеткен. Ошондуктан, туугандары өз өмүрлөрүнө тынчсызданып, Кевинди психиатриялык ооруканага жаткырышкан. 

Булак: "chabarman.kg"

Последние новости