www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канаани Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Париж тынчтык форумунун алкагында Елисей сарайында АКШнын Иранга каршы бир катар ишмерлери менен жолугушуусун айыптады. Бул тууралуу кечээ, 13-ноябрда жергиликтүү «Тасним» агенттиги билдирди.
«Эркиндикти колдойм деген өлкө президентинин өз деңгээлин төмөндөтүп, соңку айларда Иран Ислам Республикасында жек көрүүнүн, зордук-зомбулуктун жана террордук аракеттердин үрөнүн жайылтууга ачыктан-ачык аракет кылган адамдар менен жолугуп жатканы таң калтырат», - деди ал.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалгандай, Канаани да Макрондун бул адамдар жетектеген революция деп аталгандарды колдой турганы тууралуу билдирүүсүн өкүнүчтүү жана уят деп атады.
Ирандын расмий өкүлү кошумчалагандай, бул жолугушуу Франциянын терроризм жана зордук-зомбулук менен күрөшүү боюнча эл аралык милдеттенмелерин одоно бузуу болуп саналат жана жаман окуяларды пропагандалоо катары каралат.
Сөзүнүн аягында ал белгилегендей, Иранга каршы мындай чаралар адам укуктарына каршы айрым европалык лидерлердин тандалма мамилесин жана кош стандарттарын жакшы түшүнгөн улуу иран элинин эсинде шексиз кала берет.
Буга чейин Эммануэль Макрон Елисей сарайында Американын Иранга каршы бир катар ишмерлери, анын ичинде Масих Алинежад менен жолугушуу өткөргөн. Анда Франциянын президенти Ирандагы соңку башаламандыктарды «революция» деп атаган.
Булак: NazarNews.kg