www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран коронавирустан улам абактагы 70 миң адамды эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Ирандын сот бийлигинин башчысы Ибрахим Раисинин айтымына таянып жазып чыкты.
Маалыматка караганда, коронавирустан улам убактылуу эркиндикке чыгарылган 70 миң адамды азырынча абакка киргизбейт. Анкени алар коомго коркунучтуу эмес. Эгерде алар тарабынан коркунуч жаралбаса, абактан убактылуу коё берилгендер эркиндикте жүрө беришери айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 19-февралда өлкөдө биринчи коронавирус катталгандыгы тууралуу маалымат берген.
Акыркы маалыматтарка таянсак, аталган өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны 6566 ге жетсе, каза болгондордун саны 194 адамга жетти. Ал эми бул оорудан айыгып кеткендердин саны 2134 адамды түздү.
Булак : NazarNews.kg