www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азия өлкөлөрүндө мунайдын баасы 31 пайызга чейин төмөндөдү. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты.
Мунай затын өндүргөн өлкөлөрдүн бири-бири менен ыркы келишпегенинен улам ушундай болууда. Ал эми кээ бир өлкөлөрдүн улуттук акча системасына мунун кесепети тийиши мүмкүн. Сөз долларга карата орусиялык рублдун наркы төмөндөгөнүндө болуп жатат.
ОПЕК уюмуна кирген ири мунай өндүрүшчү Сауд Арабиясы апрелден тартып мунайдын бир баррелин 6-8 долларга чейин арзандатарын жарыялады. Мындан кийин Brent үлгүсүнүн бир баррели 31 долларга чейин арзандап, эртең мененки баа боюнча 32,6 долларды түздү.
Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели февраль айынын соңунда 50 доллар болчу, 6-мартта 9 пайызга төмөндөдү.
Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, мунайдын баасы кескин арзандаган учур 1991-жылы Перс булуңундагы согуш уланып жатканда болгон. Учурда мунайдын баасы 20дан 30 долларга чейин арзандашы мүмкүн.
ОПЕК мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча келишимди жылдын аягына чейин узартуу, 2020-жылдын экинчи кварталында мунай өндүрүүнү стукасына 1,5 млн баррелге чейин дагы кыскартууну сунуштаган.
Ал эми Орусия кошумча кыскартууларга каршы болуп, бул АКШга жана америкалык чийки мунай өндүрүүчүлөргө гана пайда алып келет деп чочулап жатканы айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg