www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампань учуш тууралуу маалымат камтылган жабдыктар Парижге алып келингенин, жакын арада Жарандык авиация коопсуздугун анализдөө жана талдоо бюросуна жеткирилерин билдирди. Бул тууралуу дйнлк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Иран бийлиги буга чейин регистраторлорду окуу мүмкүнчүлүгү жок экенин мойнуна алган жана башында чет өлкөлөрдөн адистер келет деп маалымдаган, бирок мындай планга коронавирус пандемиясы тоскоол болгон. Мындан улам Тегеран кара кутуларды Францияга өткөрүп берүүгө көнгөн.
"Украинанын эл аралык аба жолдору" компаниясына таандык учак ушул жылдын 8-январында таңга маал Тегерандан Киевди көздөй учуп чыккандан көп өтпөй эле кыйрап калган. Кырсык 176 адамдын өмүрүн алган. Жүргүнчүлөрдүн көбү Ирандын жана Канаданын жарандары болгон.
Каргашадан төрт күн өткөндөн кийин гана Иран учакты кокусунан атып алганын мойнуна алган. Буга байланыштуу өлкөдө нааразылык акциялары өткөн.
Булак: NazarNews.kg