www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин жергиликтүү басылма Сузак районунда 15 жаштагы кыз бир тууган агасынан көз жарганын жазган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБине NazarNews маалымат агенттиги кайрылганда, аталган факт бар экенин тастыктады.
Маалыматка караганда, жашы жете элек өспүрүм кыз облустук төрөт үйүндө төрөгөн. Учурда эне-баланын абалы жакшы.
Жашы жете элек кыз кош бойлуу болгонун билген эмес. Аны бир туугандары сокур ичеги болгон деген ой менен ооруканага жеткиргенде гана билишкен. Бир туугандардын апасы учурда Россияда иштейт. Кыз менен 2000-жылы туулган агасы былтыркы жылдын күз мезгилинде мас абалда жыныстык катнашта болуп, эртеси кечирим сураган.
Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы маалыматты тастыктап, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү кыздын жакындары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдиришти.
Ал эми Жалал-Абад ОИИБи төмөндөгүдөй маалымат берди: "Факт бар, бул окуя боюнча топтолгон материал Сузак РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 164-беренеси (Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен сотко чейинки ѳндүрүш жазык иши башталган.
Аталган кылмыш ишине шектүү Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан баш коргоо чарасы 2 айга камакка алуу түрү тандалып, РИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg