www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кезектеги эл аралык Ысык-Көл марафонун өткөрүү мөөнөтү коронавирус эпидемиясына байланыштуу өзгөрдү. Бул тууралуу 20-июлда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл тогузунчу жыл уюштурула турган марафон 5-сентябрда өтмөк. Календардык планга ылайык 5-сентябрга пландалган «Run the Silk Road - Shanghai Cooperation Organization» марафону 2021-жылга калды. Иш-чараны өткөрүү мөөнөтү тууралуу кошумча кабар берилет. Катталып, акчасын төлөп койгондор дароо кийинки марафондун катышуучусу болуп эсептелет.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 11-майда өткөн 8-эл аралык Run the Silk road" марафонунда 42 километр 195 метр аралыкка чуркоодо аялдардан Дарья Маслова, эркектерден Адилет Кыштакбеков биринчи келишкен. Жөө күлүктөр Чолпон-Ата шаарынын ат майданынан Корумду айылына чейин чуркашкан. Марафонго 27 өлкөдөн 3 миңге чукул адам катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости