www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык "Фергана" басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Даниил Кислов Кыргызстанда абакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун саламаттыгы оорлоп кеткенин билдирип, аны бошотууга чакырды. Бул тууралуу маалыматты ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

"Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылып, түрмөдө отурган укук коргоочу жана журналист, биздин досубуз жана кесиптешибиз Азимжан Аскаров катуу ооруп жатат жана өзүн абдан начар сезүүдө. Менин жеке булагым кабарлагандай, анын дене табы он күндөн бери көтөрүлүп жатат, ал өтө оор дем алып, төшөгүнөн дээрлик тура албай калды. Ал эч кандай медициналык жардам ала албай жатат, диагнозу да белгисиз",-деп билдирүү калтырды Даниил Кислов.

Журналист Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигинен укук коргоочуга медициналык көмөк көрсөтүүсүн талап кылып, Кыргызстандын президентин жана өкмөтүн Азимжан Аскаровду адамгерчилик кылып тез арада бошотуп коюуга чакырды.

ЖАМКнын басма сөз катчысы Самат Калыков Азимжан Аскаровдун саламаттыгы тууралуу айтылгандарды төгүндөп, анын ден соолугу жайында экенин журналисттерге билдирди. Ал укук коргоочуну дарыгерлер күнү-түнү көзөмөлгө алып жатканын, температурасы көтөрүлбөгөнүн, дем алуусу талаптагыдай экенин кошумчалады.

"Тарапташтары көңүл бурдуруу үчүн кандайдыр бир акция кылып жаткандай сезилет. Көрбөй туруп көзү ачыктык кылуунун кереги жок. Аскаров ооруп жатат деген сөз жалган",-дейт Калыков.

Белгилей кетсек, 13-июлда да Азимжан Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов кардары ооруга чалдыкканына байланыштуу абактан чыгарууну ЖАМКтан талап кылган. Мекеме анда абактан чыгаруу өтүнүчүн адвокат сотко жолдошу керектигин, ЖАМК чечимди аткаруучу орган гана экенин кабарлаган.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости