www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Исмаил Матраимов" атындагы коомдук кайрымдуулук фонду эӊ акыркы үлгүдөгү портативдик рентген жабдыгы менен аймактарды кыдырып, акысыз текшерип, анализин чыгарып берет. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты. 

"Коронавирус ылаӊы – өпкөнү жабыркатып, заматта пневмонияга айлантып, анын кесепетинен бир канча мекендештерибиз көз жумду. Илдетке чалдыккан бейтап врачтын багытоосу менен өпкөсүн рентгенге тарттыруу үчүн жүздөгөн кезектерге туруп калып жатат. Биз, "Исмаил Матраимов" фондунун жамааты элибизге рентген аппаратынын зарылчылыгы бар экенин көрүп, эӊ акыркы үлгүдөгү портативдик рентген жабдыгын сатып алдык. Себеби, алыскы аймактардагы бейтаптар шаарга келип, убара болушууда. Бул жабдыктын жардамы менен, аймактарга врачтар менен бирге өзүбүз барып, бейтаптарды акысыз текшерип, анализин чыгарып беребиз.

Урматтуу достор, социалдык байланыш тармагында биздин дарегибизге ыраазычылык айткан жылуу пикирлерди окуп жатам. Ал үчүн сиздерге ыраазычылыгымды билдирем. Биздин аракет кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калууга себепчи болсо, ал жалпыбыздын кубанычыбыз жана утушубуз! Сиздерге ден-соолук тилейбиз, оорубаӊыздар!", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Ош шаарына Москвадан ыктыярчы 15 дарыгер келген. Алар "Андрос Ош" убактылуу стационардык ооруканасында кызмат көрсөтүп, коронавирустун кесепетин жоюу менен күрөшүүдө

Ыктыярдуу дарыгерлердин жалпы чыгымдарын жана эмгек акысын "Исмаил Матраимов" фонду каржылайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости