www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-июлда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 27…32;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 31…33 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости