www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Екатеринбургда эки күндүн ичинде мигранттардын экинчи массалык мушташы болуп өттү. Экинчи жолку массалык мушташ Пехотинцев көчөсүндө орун алган. Мушташка ондогон адамдар катышып, бир нече мигранттар колго түшкөн.

Мушташты көргөн бир тургун 360 агенттигине окуяны айтып берген.

"Кечки саат тогуздарда (Москва убактысы боюнча 19:00) мен орус эмес, башка улуттагылардын  кыйкырыктарын уктум. 20 мүнөттөн кийин сыртка чыксам дагы ошол эле нерсе - чуркап, кыйкырып, аянттын ар кайсы жеринде урушуп жүрүшкөн. Дагы 20 мүнөттөн кийин полиция кызматкерлери келди. Мен көчөгө чыксам, он чакты полиция унаасы бар экен. Натыйжада, алар тинтүү жүргүзүп, документтерин текшерип, айрымдарын кармап кетишти. Полиция кызматкерлери бир жарым эки сааттай турушуп, саат он  экилерде кетишти", - деди күбө. 

E1.ru маалыматына ылайык, мушташта кеминде бир адам жаракат алган. Ал тротуарда жатып, айланасына эл чогулуп жатты. Окуя болгон жерге полиция келгенде, эл качып кеткен.

"ВКонтакте" социалдык тармагынадагы "Екатеринбург окуясы" коомдук тобунда жергиликтүү тургундун посту жарыяланган, ага ылайык, кыргыздар менен тажиктер массалык мушташка катышкан. Бир күн мурун 40ка жакын адам бир тажикти сабап салышкан, эртеси 100 же андан ашык адам чогулуп, атышуу болгон. Кавказдыктар таяк, дубинка менен чуркап жүрүшкөн", - деп жазган автор.

Анын айтымында, атышуу "Монетка" дүкөнүнүн жанында орун алган, ижарачылар, анын ичинде мушташтын катышуучулары да көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришине (подъезд) жашынышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости