www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда коронавирус жуктурган 11 миң 133 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу РИА Новости Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Киануш Жаханпурга таянып, жазып чыкты.

-- Акыркы 24 саат ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 2926 жаңы учуру катталып, вируска жуктургандардын жалпы саны 32 332ге жеткен. Учурда оорудан 11 133 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми акыркы сутка ичинде 144 киши көз жуумп, каза болгондордун жалпы саны 2378ге жетти. Вирусту жуктурган 2893 бейтаптын абалы оор, - деди Киануш Жаханпур билдирди.

Эске сала кетсек, дүйнө жүзү боюнча учурда 550 530 жаран ооруну жуктурса, 24 903 адам каза болгон. Аталган оорудан 128 701 жаран сакайып кетишкен. Так ушул тапта вирус жуктурган 396 926 жаран карантинге алынган. Ал эми вирус оорусу 199 мамлекетке тарап кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости