www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын 7 облусуна 7 млн сом менен жардам берди делген жана 6 млн кыргыз элин ашатып сөккөн Даниэль  Ажиевдин апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Апасы баласын жаштыкка алдырып, ката кетирип койгонун айтып, анын атынан да өзүнүн атынан да кыргыз элинен кечирим сурады. Ошондой эле, президенттен баласын убактылуу кармоочу жайдан чыгаруусун өтүндү.

Төмөнүк видео "GOVORI.TV" маалымат агенттигинен алынды. 

Эске сала кетсек, Даниэль Ажиев 7 дубанга 7 млн сом менен жана колунда жок адамдарга азык-түлүк менен жардам берип жатканы тууралуу маалымат чыккан. Ошондой эле,  буга чейин 2018-жылдын 24-апрелинде Бишкек ШИИББи 30 кызга вебкам студия ачып, кыргыз кыздарынын катышуусунда порнографиялык видеолорду уюштургандыгы үчүн 30 жаштагы Даниель Ажиевди колго түшүргөн. Аталган факты боюнча кылмыш жана жаза кодексинин 262-беренеси (Порнографиялык нерселерди даярдоо жана сатуу) менен кылмыш иши козголгон. Бирок кийин сот Даниель Ажиевге 30 миң сом көлөмүндөгү айып пул салгандыгы маалым болгон.

Ушундан улам, социалдык тармактарда катуу талкууга түшүп,  Даниэль Ажиевдин дарегине көптөгөн терс көрүнүштөгү пикирлер айтылган.

Көп өтпөй  социалдык тармактарда жана ЖМКда  жарандын кемсинткен билдирүүсү талкууланып,  бир катар нараазычылыктарды жараткан. Ал жек көрүү  жана кастыкты козутууга түрткөн кемсинткен сөздөр коштолгон ачык билдирүү жасаган.

2020-жылдын 26-март күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости