www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул тапта дүйө жүзү COVID-2019 инфекциясы менен күрөшүп жатат. Ар бир өлкөдө коронавируска каршы күрөшүүгө керектүү нерсе жетишпейт. Мисалы, бет кап, дарылар, антисептиктер. Ошондйо эле, бардык өлкөлөр чек араларын жаап салганга байланыштуу, импорт, экспорттор токтоп, кээ бир өлкөлөр азык-түлүктүн жоктугунан жапа чегип келет.

Ушундай кырдаалда адамдар ар кандай жолдор менен бет кап чыгарууну ойлоп табышты. Өзүбүздүн өлкөбүз Кыргызстанды эле алалы. Кыргызстанда 18-мартта биринчи жолу коронавирус аныкталган. Ошол убактан бери өлкөбүз коронавируска каршы күрөшүүгө ар кандай чараларды көрүп келе жатат. Эң негизги жарандарга вирустан коргонуу үчүн бет кап керек болгондуктан, тигүүчү цехтин баары бет кап чыгара башташты. Мындан сырткары, рак менен ооруган бейтаптар дагы четте калбастан өз колдору менен бет кап тигип, жардам колун сунушту.

Оор кырдаалда бет каптын ар кандай күлкүлү түрөлүн чыгарып, билдирүүлөрдү жазып, элдин көңүлүн көтөргөндөр да бар.

Инстаграм социалдык тармагынын dailyart_videos баракчасы жыгачтан жасалган бет каптын видеосун жарыялады. Видеодо бет каптын жасалышы кылдаттык менен көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости