www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда катуу жааган жамгыр жол ачкан селде каза болгондордун саны 26га жогорулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Тез жардам агенттигинин катчысы Мүжтеба Халиди Ирандык студенттер маалымат агенттигине берген маалыматында : «22 - марттан бери өлкөдө болгон сел апаатында 26 киши каза болду»,- деп билдирди.

Катчы Халиди акыркы 24 саттын ичинде Йезд аймагында болгон селде бир кишинин каза болгондугун, бир кишинин жоголгондугун жана бир кишинин жаралангандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Ирандын түштүк- чыгышында 22 -марттан бери катуу жамгыр жаап,селдин жүрүшү менен дыйканчылык аянтары жана инфраструктура да чоң зыян тартты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости