www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илимпоздор Нью-Йорктогу коронавирустун кенен жайылышын иликтешип, аталган шаарга илдет Кытайдан эмес, Европадан жуккан деген жайынтыкка келишкен.  Бул тууралуу Bloomberg билдирди.

Изилдөөчүлөр вирустун геномун 75 үлгүдө талдап чыгышкан жана алардын үчтөн эки бөлүгү Европадан келгендигин аныкташкан. Нью-Йоркко илдетти Улуу Британия, Франция, Австрия жана Нидерландия өңдүү мамлекеттерден жуктурушкан.

Ошентип, Кытай менен аба каттамдарынын жабылышы жетиштүү чара эмес экендиги белгилүү болду. Айрым инфекциялар АКШнын Тынч океан жээгинен же түз эле Азиядан келген бейтаптарда болгон.
Учурда Нью-Йорк АКШдагы COVID-19дун очогу болуп калууда. Шаарда 4,5 миңден ашык адам каза болгон. Жаңы типтеги пневмониядан бир нече жүзгө жакын өлүм коңшу шаарларда да катталган.
Ушул тапта АКШда 435 миңден ашык адам коронавирус инфекциясы менен катталса, андан 14,7 миң адам өлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости