www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Якутияда коронавирус жуктуруп алганга шектелген жаран карантин эрежелерин бузуп, базарда соода кылып иштеп жүргөн. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Якутияда коронавирус аныкталган жарандардын анализи эрежелерге ылайык Новосибирск шаарына кайра текшерүүгө жөнөтүлөт.

“8-апрель күнү Москва шаарынан Кыргызстанда төрөлгөн жубайлар жана Армениядан бир адам Якутияга учуп келишкен. Алардан анализ алынып, коронавирус бар экендиги билинген. Новосибирск шаарынан акыркы жыйынтыктар келгиче, жарандарды үй карантининде болуусу эскертилген”,-деп айтылат маалыматта.

Армениядан келген жаран карантиндин эрежелерин так сактаган. Ал эми Москвадан учуп келген жубайлардын бирөөсү эрежени бузуп, жергиликтүү базарлардын биринде соода кылып иштеген. Мындан улам базарды толугу менен жаап, ооруган адам менен мамиледе болгон жарандарды аныктоо жүрүп жатат.

Аталган өлкөдө жалпы 16 адам вирусту жуктуруп алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости