www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун күчөгөн туу чокусу качан болоорун азырынча айта албайт. Бул тууралуу брифингде аталган башкармалыктын башчысынын орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, медициналык университеттердин окутуучулары, профессорлор жана адистердин тобу түзүлдү. “Алар анализ жасап жатышат. Жакын арада болжолдуу божомолдорду айтышат деп ойлойм", - деди чиновник.
Эске салсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустун дагы 18 учуру аныкталып, жалпы 298 кишиге жетти. Алардын 39у дарыгерлер. Ал эми илдеттен беш адам каза болду.
Булак: NazarNews.kg