www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан Казакстанга расмий сапар менен келди.
Жогорку мейманды Акордада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.
Салтанаттуу аземден кийин эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Жолугушууда Касым-Жомарт Токаев эки элди Каспий деңизи бириктирерин белгилеп, Казакстан үчүн Иран Жакынкы Чыгыштагы эң жакын коңшу жана ишенимдүү өнөктөш экенин баса белгиледи.
Токаев Казакстан Иранды ар дайым колдой турганын, эки өлкөнүн ортосунда эч кандай көйгөй же чечилбеген маселе жок экенин белгиледи.
“Астана менен Тегерандын ортосунда, өкмөттүк деңгээлде да конструктивдүү саясий диалог жолго коюлган. Эки тараптуу келишимдер ишке ашырылып, парламенттер аралык байланыштар чыңдалууда. Соода-экономикалык кызматташуу өсүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында 2024-жылга салыштырмалуу 40% өсүш байкалды, бул албетте жакшы жыйынтык”, – деди Токаев.
Ал жетишилген темпти сактап, өз ара сооданын көлөмүн мындан ары да көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Ирандын президенти Масуд Пезешкиан эки өлкөнүн мамилелери кеңири багыттар боюнча ырааттуу өнүгүп жатканын айтты.
“Биздин өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосунда натыйжалуу кызматташтык түзүлгөн. Бизде саясий, экономикалык, маданий, гуманитардык ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу маселесинде кызматташууну мындан ары чыңдоого эбегейсиз потенциал бар деп ишенем”, — деди Пезешкиан.
Касым-Жомарт Токаев мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменейге эң жакшы каалоолорун жолдоду.
Масуд Пезешкиан жылуу кабыл алгандыгы үчүн Казакстан президентине ыраазычылык билдирип, бул сапар эки тараптуу мамилелердин өркундөшүнө жаңы дем берерине ишеним артты.
Токаев менен Пезешкиандын сүйлөшүүлөрү эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда кеңейтилген курамда уланды.