www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зергердик өндүрүш үчүн жабдуулар, технология, реактивдер жана жарым фабрикаттарды импорттоодо КНСтен жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков "Жетинчи каналга" берген маегинде билдирди.

"Импорт кылып жатканда бир зер буюмга пробанын баасы 34 сом, эгер ата мекендик өндүрүш болсо 17 сом. Мындан тышкары, өз ыктыяры менен зергерчилик тармагында кандай талап болсо ошонун бардыгын аткарган субьектилерге пробаны өздөрүнүн бардык талаптарга дал келген жабдуулары менен койгонго мүмкүнчүлүк берүү каралууда",- деди ал.

Белгилей кетсек, жакында президент Садыр Жапаров "Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Жарлык зергерчилик жана тигүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүү, чакан жана орто бизнестин субъекттерине колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.

Последние новости