www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Ирина Карамушкинанын сөзүнөн кийин эл өкүлдөрүнүн ичинде пикир келишпестик жаралып, кайым айтышууга алып келген. Бул тууралуу Беспредел KG төмөндөгүдөй жазып чыкты. Автордун сөзү өзгөртүүүсүз берилди.

"Кыргыз элинин ашкере айкөлдүгү кээде өз башыбызга муш болуп тийип калат. Өзүбүзгө караганда башка улуттагыларды сыйлап, алардын көңүлүн карап, «Ушул Кыргызстанда жашап жатып, кыргыз болбогонум үчүн ыдык көрдүм» дебесе экен деп жатып, көпчүлүк учурда өзүбүздүн улуттун кызыкчылыктарын тебелетип алып жатабыз.
Албетте, Кыргызстан көп улуттуу өлкө жана анда түрдүү дин ишенимин тутунгандар бар. Андыктан өлкөдө жашаган ар бир улутка жана алардын дин ишенимине сый мамиле жасалат. Бирок, Ирина Карамушкина аттуу Жогорку Кеңештин депутаты дайыма кыргыз элине атайылап кастык жасагандан тартынбай келет. Россияга парламенттик делегация менен барганда да «Кыргызстанда орус тилдүүлөргө басмырлоо болуп жатат» деп каратып туруп калп айтканы эсибизде. Анан дагы «кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан аскерлер орусча билбейт экен, эмнеге?» деп коркутуп чыкканын билебиз.

Айтор, басса-турса кыргыз тилине каршы пикирлерди гана айтып келет. Болбосо, өзү кыргыз жеринде жашап, кыргыз жеринин таза суусунан ичип, кыргыз парламентинин депутаты болуп, элдин эсебинен айлык акы алып отурат.
Эми ал 30-апрелдеги парламент отурумунда коронавирус илдетин Кыргызстанга Араб өлкөлөрүнөн Умрадан келгендер алып келди дегендей кылып, анан дагы ошол умрадан келгендердин арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да болгон, ошолор текшерттирбей эле өткөрүп жиберген экен деген жалган маалымат айтты. Жогорку трибунадан туруп ушундай жалган маалымат жайылта бергенге болобу?

Эгерде бүгүнкү бийликке айта турган сыны болсо, аны ишине байланыштуу айтсын, жеке таарынычы үчүн ажылык сапардан келгендердин баарынын атына көө сүйкөөгө ага ким укук бериптир?
Деги эле ушул депутат айымдын максаты эмне деген суроо жаралат. Эгерде ага Кыргызстан жакпаса, кыргыз тилин сүйбөсө, ислам динине каршы болсо, анда каалаган башка мамлекетине көчүп кете бербейби.

Коңшулаш Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттерде ушул Ирина айымдай болуп бирөө сүйлөп көрсүнчү эмне болор экен? Сөзүн аягына чыгалекте эле өмүрү менен кош айтышмак. Бизде болсо кыргыз элинин айкөлдүгүнөн Карамушкинадай бузукулар атайылап чагымчылдык аракеттерди жасоону токтотпой жатышат",-деп жазган социалдык тармактагы баракчанын ээси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости