www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн кыязы Тилек Токтогазиевди депутаттар жапырт "талап жейли" деген өңдүү. Буга чейин Бейшеналы Нурдинов менен Замирбек Эсенаманов Токтогазиевди сынга алып, сөз бербей корс сүйлөп шайын оодарышкан эле. Эми кезекти Иса Өмүркулов алып: “Көп сүйлөсөңүз, айтып жаткан пландарыңыз ишке ашпайт” – деп Токтогазиевге келечегин жооруду. 

Тилек Токтогазиев буга чейин өзүнүн пландары жөнүндө айтып берген. Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги айыл чарба тармагында реформа жүргүзүүнү пландаштырууда. Ошондой эле, логистикалык борборду курууга 960 миң доллар керек экенин айтып, Айыл чарба министрлиги кадрларды оптимизациялоону жана кластердик ыкманы киргизүүнү пландаштырганын айткан. 

Иса Өмүркулов айыл чарба министринин отчетун уккандан кийин бир нече суроо узатты:

“1 милион долларга жогоруда айткандарды ишке ашыра аласызбы?” – деп суроо узатты депутат.

“Мындан тышкары дагы башка жактардан каражаттарды издештирип жатабыз” – деди министр.

“Каражат таппасаңыз эмне кыласыз?”.

“Табабыз. Бизде атайын эл аралык бөлүм бар, алардын жумушун күчөтүп, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз”.

“Көп сүйлөсөңүз, жогоруда айтып жаткан пландарыңыз ишке ашпайт. Министрликте үрөн, жер семирткич барбы? Насыя бересиңерби?” – деп сын менен суроо жаадырды Өмүркулов.

“Министрликте дагы да башка саясат жүргүзөбүз”.

“Саясат жүргүзүү үчүн эмне кылып жатасыз? Конкреттүү кандай реформа жасаган жатасыз? Сиз келип тыюу салуудан баштадыңыз. Эгерде элге шарт түзүп бербесеңер, кайдагы реформа ишке ашат? Эч кимдин мал бакканга кызыкчылыгы жок. Тоют, үрөн кымбат, малын семиртип алып сатайын десе, силер саттырбай жатасыңар. Бул кандай?” – деди депутат.

Иса Өмүркулов Токтогазиевге малды чет өлкөгө чыгарууга тыюу салуу боюнча токтом тууралуу дагы бир жолу ойлонууну сунуштап, элге шарт түзүп берүүнү талап кылды. Министр өз учурунда бул чектөө азык-түлүккө болгон бааны стабилдештирүү максатында кабыл алынган чара экенин эскертти. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости