www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр коронавирус инфекциясына байланышкан кризис маалында Кыргыз Республикасына чоң колдоо көрсөттү, атап айтканда, финансылык жана гуманитардык жардам беришти. Бул тууралуу Артем Новиков Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги отурумунда билдирди. 

Өкмөт башчынын м.а. өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын айтып, өз ара жемиштүү кызматташууну улантууга үмүттөнөрүн билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын жана тест-системаларынын запастарын толтуруу, ооруну дарылоо ыкмаларын өз убагында жаңыртуу, пандемияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн калкты эмдөө, тез жардам кызматын техникалык жабдуулар менен камсыздоо сыяктуу маселелерди чечүүдө өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу тууралуу маселелер талкууланды. 

БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин теңтөрагасы Озонниа Ожиело өз кезегинде кызматташууну мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана элине пандемиядан улам келип чыккан социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүүдө мындан ары да жардам көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости