www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-Азимбек Бекназаров кыргыз элинен кечирим сурады

Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары кыргыз элинен кечирим сурады. Ал учурда талаш-тартыш жаратып жаткан Баш мыйзам маселеси тууралуу NazarNews маалымат агенттигине маек куруп жатып кыргыз элине кайрылып, Убактылуу өкмөттүн берген убалары аткарылбай, элдин үмүтү акталбай калганын айтып кечирим сурады.

--“Баарыбызга белгилүү болгондой Аскар Акаев, Курманбек Бакиев дагы өзүнүн конституциясын жазып, өздөрү каалагандай иштеген. Бирок, Акаев кеткенде ал конституция өзү менен кошо кетти. Бакиев келгенде ал Баш мыйзам менен иштебей өзүнө ынгайлуу кылып жазып, иш алып барды. Ал эми 2010-жылдан кийин Убактылуу өкмөт өзүбүз каалагандай өзгөртүп аны менен иштегенге аракет кылдык. Урматтуу кыргыз элим мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары кечирим сурайм. Биз сиздерге жакшы мыйзам бере албадык. Биздин конституциябыз жакшылык алып келген жок, турмушуңуздар оңолгон жок. Сиздерге берген убадалар аткарылган жок. Мыйзамдар иштеген жок, чет элге берилген кен байлыктар кайтарылган жок, коомубуз тынчыбай койду. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү конституцияны өзүбүз буздук.”-деп сөзүн жыйынтыктады Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости