www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы бүгүнкү жабык жыйынында бир гана маселени – партиянын курултайына даярдыкты талкуулады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна фракция лидери Иса Өмүркүлов билдирди.

Жыйынга президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов да катышты.

КСДП партиясынын курултайы 31-мартта өтөрү, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагасы кылып бекитүү маселеси каралары айтылууда.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары бүгүнкү жыйында КСДП депутат Асылбек Жээнбековдун мандатына байланыштуу маселени карайт деп жазышкан.

Жыйын аяктагандан кийин Асылбек Жээнбеков аны мандатынан эл гана ажырата алат деп эсептерин билдирип, Мээрбек Мискенбаевдин айткандарын "чагым" деп атады, “президенттин ишине эч кийлигише албайм, Бакиев менен Акаев баарыбызга сабак болушу керек” деп кошумчалады.

"Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин төрагасы, КСДПнын мүчөсү, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев жакында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аны үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө, иниси, КСДП фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшырууга чакырган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости